Бугу 22, 2024
Убакыт: 02:26
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Эл аралык валюта фондунун каражаты каякка жумшалган? Министрликтин жообу

24.07.2020 12:43
925
Эл аралык валюта фондунун каражаты каякка жумшалган? Министрликтин жообу


Финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул 24-июлдагы брифингде Эл аралык валюта фондунун каражаты (I транш) каяка жумшалганы боюнча маалымат берди. 


Анын маалыматына караганда, 2020-жылдын апрель-май айларында Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын эсебинен (I транш) 9 765,8 млн сом суммада республикалык бюджеттин төмөнкү чыгашалары жүргүзүлгөн:


- эмгек акы (анын ичинде дарыгерлердин, мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин) - 4 115,5 млн сом;


- социалдык муктаждыкка төгүмдөр - 498,5 млн сом;


- Социалдык фондго трансферттер - 2 131,3 млн сом;


- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер - 1 310 млн сом;


- теңөөчү трансферттер - 160,8 млн сом (ЖӨБ органдарынын эмгек акысы);


- калкты социалдык жактан камсыз кылуу жана социалдык жардам боюнча жөлөк пул - 1 102,9 млн сом;


- медициналык товарларды жана кызматтарды сатып алууга - 106,3 млн сом;


- стратегиялык запастар (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан дан сатып алууга) - 240,1 млн сом;


- оор турмуштук кырдаалга кабылган калкка, социалдык турак-жай салууга каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам, тамак-аш азыктарын сатып алууга - 19,4 млн сом; 


- ЭВФтин 121,1 млн доллар өлчөмүндөгү 2-траншы - экономиканы колдоо боюнча документтер даярдалууда.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн