26-сентябрда "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык жарым марафонуна байланыштуу борбордогу бир катар жолдор жабылат.
Алсак, саат 07:00дөн 10:00гө чейин 21-чакырымда төмөнкү көчө тилкелери жабылат:
- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Масалиев көчөсү Ю. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Ч. Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Жолдорду жабуу 3 саатка созулат. Андан кийин көчөлөрдүн ачылышы кезек менен болот:
- 07:20 - Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин (Совет);
- 07:28 - Абдрахманов көчөсү (Совет) Горький көчөсүнө чейин;
- 07:43 - Байтик Баатыр (Совет) көчөсү Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- 07:55 - Байтик Баатыр (Совет) көчөсү Масалиев көчөсүнө чейин;
- 08:11 - Масалиев (түндүк тарабы) көчөсү Совет көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
- 08:25 - Байтик Баатыр көчөсү Иманалиев көчөсүнө чейин;
- 08:28 - Иманалиев көчөсү Айтматов проспектисине чейин;
- 08:52 - Айтматов проспектиси Масалиев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
- 09:08 - Масалиев көчөсүнүн тилкеси (түштүк тарабы) Айтматов проспектисинен "Ала-Тоо" ресторанына чейин;
- 09:22 - Айтматов проспектиси Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- 09:35 - Айтматов проспектиси Горький көчөсүнө чейин;
- 09:46 - Айтматов проспектиси Москва көчөсүнө чейин;
- 09:51 - Айтматов проспектиси Чүй проспектисине чейин;
- 09:55 - Чүй проспектиси Тоголока Молдо көчөсүнө чейин;
- 10:00 - Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнө чейин;
- 11:00 - Орозбеков көчөсү Чүй проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;
- Абдымомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин;
- Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн