Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Эл электр энергиясынын арзандабай, кайра кымбаттоосун күттү беле?

22.04.2021 10:56
852
Эл электр энергиясынын арзандабай, кайра кымбаттоосун күттү беле?


Адам баласынын жашоосуна көйгөйлөр келгенде, ал жалгыз болбой, туш тараптан курчап келет өңдөнүп калды. Ансыз деле бензиндин баасы 30 сомдон 50 сомго көтөрүлүп, азык-түлүктүн баасы да эки эсеге чукул кымбаттап, элдин эси эки болуп турган маалда электр энергиясына жаңы тариф киргизүү сунушу айтылды. Муну мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзү айтып чыкты.


Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифин 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунушу бардыгын билдирди. «Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Тоолуу жана жашоо-шарты оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт/сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз», - деди Садыр Жапаров.


Түшүнүп турабыз, өлкөбүздүн энергетика тармагындагы абал оор. Анын үстүнө электр энергиясынын тарифин көтөрүү тууралуу маселе мурдатан эле аздыр-көптүр айтыла калып келген. Бирок, тарифти көтөрүү маселеси бүгүнкүдөй кымбатчылык өкүм сүрүп турган маалда сунушталып жатканы элге жагымсыз фактор болуп турганын эскертип коюу парз.


Экинчиден, президент Садыр Жапаров 2020-жылдын 9-ноябрында Нарын облусунун эли менен жолугушуусунда электр энергиясына болгон 700 кВт-саат деген чектөөнү жаз мезгилинен тарта алып салууга боло турганын айткан. Демек, элдин күтүп жатканы дал ушул убада эле. Эми электр энергиясын чектөөсү жок 77 тыйындан пайдалана алабыз деген күтүү болуп жаткан.


Үчүнчүдөн, «Кудайга шүгүр» жашоо-турмушу барларды кантип аныктайбыз? Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө үйүндө телевизору, муздаткычы бар экен деген шылтоо менен балдарга жөлөк пул төлөнбөй келатканын коомчулук билет. Бирок, телевизору, муздаткычы бар болгону менен айына 10-15 миң сомдук айлык акыга эптеп күн кечирип келаткандар толтура. Демек, ошолордун баары «Кудайга шүгүр» жашоо-турмушу барларга кирип калабы? Ошондо айына 70-80 миң сом айлык алып, мамлекеттин эсебинен бекер бензин, бекер уюлдук байланыш колдонгон депутаттар, министрлер деле, айына 10-15 миң сом алган мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлери деле ушул категорияга кирип калган жатабы?


Эми ушунча болду президенттин командасындагы, кече жакында эле Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган Бакыт Аманбаевдин өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун алдында элге айткан сөзүн эске салалы: «Биз энергетика тармагындагы уурулукту кан буугандай токтотобуз. Кантип? Энергетика тармагында жылына 100 миллион доллар уурдалат, бир ууч чиновник тарабынан. Алар өндүрүлгөн электр энергиясын 12 тыйындан сатып алып, карапайым элге, сиздерге 700 кВт\ саатка чейин 77 тыйындан, андан өткөндөн кийин 2 сом 16 тыйындан сатат. Ортолуктан алар жылына 100 миллион доллар пайда көрүшөт. Ошол эле 12 тыйындан алган электр энергиясын коңшу өлкөлөргө 3 сом 50 тыйындан сатат. А кыштын күнү бизде суук болуп, элдер үшүй баштаганда, алар коңшу мамлекеттен, Казакстан 5 сом 60 тыйындан сатып алат. Сиздердин акчаңыздарга сатып алат. Бул кыргыз элине жасаган көз көрүнөө чыккынчылык деп айтса болот. Мындай көз көрүнөө элдин талап-тоноо бир дагы өлкөдө жок. Биз бир мыйзам менен мына ушундай уурулукту токтотобуз. Кантип? Электр тармагын реформалоо боюнча мыйзам болот, анүчүн уурулукка негизделген «Востокэлектро», «Северэлектро», «Электр станциялары», «Жалал-Абад электро» деген ишканалардын бардыгын бириктиребиз дагы, бир энергетика министрлигин түзөбүз. Заманбап менеджерлерди башына коюп, натыйжалуу башкаруу киргизебиз. Ошондо өлкөнүн казынасына 100 миллион доллар түшүп жатат», - деген.


Балким, электр энергиясынын тарифин көтөргөнчө, Бакыт Аманбаев айткан реформаны ишке ашырсак кандай болмок? Чындап эле ортомчу компаниялар 12 тыйындан сатып алып, кайра элге кымбат сатып жаткан болсо, аларды жоюп эле салса кандай болот? Мамлекет өзү эле электр энергиясын керектөөчүлөргө чейин жеткирсе болбойбу? Же бул шайлоо алдындагы эле кооз сөз беле?


Айтор, электр энергиясынын тарифин көтөрүү тууралуу сунуш бүгүнкү учур үчүн өтө терс натыйжа бере турган сунуш. Балким, чындап эле бизде тарифтер электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымды жаппай калып жататттыр. Ошондон улам энергетика тармагында оор абал түзүлгөндүр. Бирок, мына ушул жагдайды карап жатканда, маселенин экинчи тарабын да анализдеп коюу керек. Бизде электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө калктын басымдуу бөлүгүн тапкан кирешеси туруштук бере алабы? Айлык акы, пенсиянын көлөмү ошого жарашабы? Адегенде маселенин ушул өңүтүн тууралап алып, анан тарифти көтөрүү жагына көңүл бурсак адашпайбыз.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн