Советтер союзунун учурунда карапайым элдин, катардагы мамлекеттик кызматкерлердин да саясат менен иши жок эле. Мамлекеттик ички жана тышкы саясатты жогорку эшелондогу чиновниктер гана чеччү. Кимдин кайсыл кызматка келип, кимдин эмне үчүн кызматтан кеткени деле элге кызык эмес болчу. Мамлекеттик чиновниктерге караганда элге маданияттын, адабияттын, искусствонун өкүлдөрү көбүрөөк таанымал болчу. Эмгектин баатырлары элге өрнөк эле.
Эмне үчүн деген суроо жаралат. Советтер союзунун башкы ураандарынын бири мындай эле: «Бир дагы советтик жаран жумушсуз калбайт». Ырасында эле 15 союздук республиканы бириктирип турган ири державада жумушсуздук көйгөйү дээрлик жокко эсе болгон. Конкреттүү программалар, так көрсөтүлгөн талаптар менен завод-фабрикалар, колхоз-совхоздор иштеп турган. Эң башкысы ар бир жумушчунун, ар бир мамлекеттик кызматкердин, чабандын, жылкычынын, деги эле бардык советтик жарандын бир айда тапкан айлык акысы анын жашоо-тиричилигин туруктуу жакшы деңгээлде өткөрүүсүнө шарт түзгөн. Кыскартып айтканда, ар бир советтик жарандын колу да бош эмес, ошол эле убакта жеке үй-бүлөлүк финансылык абалы үчүн тынсыздануусу да жокко эсе болгон. Бул советтик жарандардын саясаттан алыс болуусунун негизги себеби эле.
Ошол эле убакта советтик бийлик коомдун руханий жактан жакырланып кетүүсүн да алдын алган. Бул багытта адабият, маданият, искусство өкүлдөрү советтик бийликтин мыкты солдаттары болгон. Алыскы тоолу аймактарга чейин акын-жазуучулардын жаңы чыккан китептери жеткен. Алтургай алар менен жолугушуулар уюштурулган. Театр кызматкерлери, эл шайырлары колхоз-совхоздорду түрө кыдырып концерт уюштурушкан. Мындай иш-аракеттер карапайым элдин черин гана жазбастан, алардын руханий жактан азыктануусун камсыздаган. Ошол убактагы жаш балдардын «Келечекте ким болосуң?» деген суроого берген жооптору «Космонавт болом», «Шофер болом», «Жазуучу болом», «Мугалим болом» деген карапайым жооптор болчу. «Депутат болом», «Министр болом», «Президент болом» деген жооптор жок эле. Демек, ал убакта балдарды эмгекке үйрөтүү, туура тарбия берүү оң жолго коюлган. Талыкпаган эмгектин акыбети гана адам баласына бакыт тартуулай турганын туура түшүндүргөн.
СССРдин курамында болгон башка республикаларды жөн эле коюп, өзүбүздүн эгемендүү Кыргызстандагы бүгүнкү абалга көз чаптыралы. Жадакалса башталгыч класстын окуучулары да саясатты сүйлөй турган болуп калды. Эки кишинин башы кошулган жерде саясат. Той-топурда чогуу отуруп калгандардын сүйлөгөнү да саясат.
Эмнеге? Биринчи маселе – жумушсуздук, экинчи маселе руханий жактан ачкалык. Көз карандысыздык алганыбызга отуз жыл болду. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы ири завод же фабриканы өзүбүз куруп, өзүбүз иштете элекпиз. Өзүбүздөн эле көп продукцияларды өндүрсөк болот. Мисалы, бут кийим тиккен ири цехти мамлекет өзү колго алып иштетүүсүнө толук мүмкүнчүлүк бар. Бут кийим үчүн булгаары да өзүбүздүн колдо.
Кыргызстандан тигилген кийим-кечелер азыркы тапта Россиянын, Казакстандын базарларында, соода түйүндөрүндө жакшы сатылат. Ошону мындан да кеңейтип, Кыргызстандын брэндине айлантуу мүмкүнчүлүгүн мамлекет колго албай келатат.
Кыргызстан суунун башында турган өлкө. Бирок, көптөгөн айдоо жерлерибиз суу жетпегендиктен кызыр калып келет. Өлкөнүн бардык аймактарында айдоо жерлерине каналдар аркылуу суу жеткизип, айыл чарба тармагын тез арада эле жакшы деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Чет мамлекеттерге эт-сүт азыктарын экспорттоо багытында тыңгылыктуу иштер жок. Болбосо, буга толук чама-чаркыбыз жете турган өлкөбүз.
Биз азыр катылып жаткан кен байлыктарыбызга тийбей эле, көзгө даана көрүнүп турган артыкчылыктарыбызды туура пайдалануу менен жумушсуздукту толук жоюуга дараметибиз жетет. Болгону ошол жолду туура, көзгө даана көрүнө тургандай көрсөтүп бере ала турган башчы керек. Жумушсуздук жоюлса, колу бош жүргөндөр жок калат. Жетиштүү айлык акы төлөнүп турса, жашоосуна нааразы болгондор жоголот. Анын натыйжасында карапайым калк саясаттан алыстайт. Анан албетте калкты руханий жактан азыктандыруу үчүн адабият, маданият, искусство тармагын да мамлекет өз камкордугуна алышы керек.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)