Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Эл эски саясатчылардан чарчап, Ормон Нурбек уулундай жаш муундун саясатка келүүсүн күтүүдө

13.11.2021 20:44
1203
Эл эски саясатчылардан чарчап, Ормон Нурбек уулундай жаш муундун саясатка келүүсүн күтүүдө


Ормон Нурбек уулу Кочкор райондорундагы шайлоочулары менен жолугушуусун жүргүзүп жатат. Жолугушууга келген эл, ак сакалдуу аталар, ак элечек апалар, программасын угуп, кылган иштерине баа берип ак жол каалап, ак батасын берип узатышууда.


Элет жеринде бүтпөгөн таза суу жана оңдолбогон жолдор, жарыктандыруу, жайыт жана мамлекеттик колдоо боюнча бир топ кызыктырган суроолорду беришүүдө. Эң биринчи эле чоң жүк ташыган унаалар жолдорду бузуп, элдин жашоо- сун ого бетер оорлотуп жатканын айтышты. Ирригациялык каналдардын жоктугун, сугат суусунун жетишсиздигин, кымбатчылык, элет жергесинин эртеңи туурасында суроолорун берип жоопторун ала алышты.


Эски саясатчыларга ишенимдин кеткенин айтып, Ормонго окшогон жаңы билимдүү муун, патриот балдар келишин каалаган эл Президент люстрация боюнча айткан убадасын аткарса, Ормон Нурбек уулу Жогорку Кеңешке келет деп үмүт артышты. Анткени, элеттеги карапайым үй-бүлөдөн чыккан жигит элет жеринин маселесин, аны чечүүнүн жолдорун, элет жашоосун оңдой турган, элге жакын талапкер гана чыныгы эл өкүлү болот деп ишенимдүү колдошту.


***КР №32 Кочкор шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбек уулу Ормондун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сыдыгалиева Насип Шайкеевна тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 438 13.10.2021-ж.).

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мураталиева Нурзада
Ийгилик