Бугу 07, 2024
Убакыт: 18:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Эл ырыскысын уурдагандар элүү жыл өтсө да түрмөдөн орун табат

05.02.2021 09:41
1816
Эл ырыскысын уурдагандар элүү жыл өтсө да түрмөдөн орун табат

Элибизде «Кыңыр иш кырк жылда болсо да билинет» деген кеп бар. Анын сыңары эл ырыскысын уурдап, мамлекетти талап-тоноого катышкан мурда-кийинки чиновниктердин баарынын учурда ичтеринен «бүлкүлдөп» турган убактары. Себеби мамлекетти талап-тоноо аркылуу мультимиллионерге айланып алуу, элдин, мамлекеттин кедей жашап жатканына карабай, өздөрүнө ханзааданын жашоосун түзүп алгандар эч качан элдин көз жаздымында калбайт экен. Кимдин маңдай тери менен тиричилик кылып жатканы, кимдин «алтын балык» кармап алгансып бат эле байып кеткени кичинекей Кыргызстанда эч качан көздөн далдоо болуп калбайт тура.


Мына ушундай көрүнүштөргө эми мамлекеттин тиешелүү укук коргоо органдары да жетиштүү деңгээлде көңүл бура баштагансыды. Буга кече 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин УКМК тарабынан кармалып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 4-апрелге чейин эки айга камакка алынганы мисал болуп бере алат. Атайын кызматтын маалыматына караганда К. Жумалиевге Кылмыш-Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон. Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензия берүүдө Жумалиев менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталганын да кошумчалады. Мындан тышкары Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталган.


УКМК Жумалиевге тиешелүү 78 кыймылсыз мүлк обьектилери табылганын, алардын ичинде «Таатан», «Гоин» соода борборлору, мейманканалар, билим берүү жана медициналык мекемелер, темир жана болот заводу, телерадиокомпаниянын билдирди. Мына ушунча кыймылсыз мүлктөргө Жумалиев кантип ээлик кылып калган? Эгерде ал өтө чоң бизнесмен болгон болсо да «маңдай тери менен тапкан да» дейт элек. Өтө чоң бизнесмен да таап жаткан кирешесине жараша мамлекетке ошондой чоң көлөмдө салык төлөп турганда гана мыйзамдуу иштеген болот. Ал эми Жумалиев тескерисинче салыктарды жашырып жүргөнү айтылууда.


Эске сала кетсек, К. Жумалиев А. Акаевдин доорунда 1998-2004-жылдар аралыгында Транспорт жана байланыш минитсри, премьер-министр сыяктуу үлкөн кызматтарды аркалаган. Ал ээлик кылып калган кыймылсыз мүлктөрдүн көпчүлүгү ошол убактарда менчигине басылган. Демек, ал кызматтык абалынан кыянат пайдаланган. Мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, өзүнүн жеке финансылык кызыкчылыгын жогору койгон.


Ырасын айтканда, 30 жылдан берки жаңы тарыхты жакшылап каза турган болсок, Жумалиевден башка дагы толтура ушундай жагдайлар табылат. Ошолордун баары азыр «Мени көрбөй калса экен» деп бөгүп жатышса керек. Бирок, көрбөй калууга мүмкүн эмес. Себеби, элдин, мамлекеттин ырыскысын уурдап байыгандардын баары эле кабат-кабат хансарайларды салып, катар-катар элиталык батирлерге ээ болуп, уул-кыздарын чет мамлекеттердеги престиждүү окуу жайларда ири суммада акча төлөп окутуп жүрүшөт. Алар элдин ырыскысын уурдап, ошонун арты менен өздөрү бай турмушта жашап жатышканын түшүнгүлөрү келбейт. Демек, өздөрү түшүнбөсө, анда эми жаңы келген бийлик түшүндүрүүсү керек. Мамлекеттен, элден уурдалган байлыктын баары кайра кайтарылышын каалайбыз. Ошондо биз карызы жок, өнүгүүгө карай багыт алган өлкө боло алабыз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бакытбек
Туура. Бардык уураларды кармап кустуруш керек. Укук коргоо органдары иштей башташты окшойт. Молодцы!