Быйылкы эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлө тургандыгы белгилүү болду. Каттоо электрондук форматта өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонулат.
Эл каттоого мобилдик жана интернет байланышы менен камсыздалган 25 миңге жакын киши бул ишке тартылаары белгилүү болду. Бул үчүн Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участоктор ачылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн