Жарыктыкта кайсыл ата-эне болбосун перзентинин эл башына кыйын күн түшкөндө кылчактабай, калк кызматын кылып, журт жүгун женилдетсе деп тилейт. Анын сынарындай акыркы күндөрү элибиз жараткандын чоң сыноосуна туш келип олтурат. Мына ушундай кыйын кырдаалда калкына жардам колун созгон жигиттерди көргөндө, укканда, кубанганындан аларды өстүргөн ата-энесине “оп, баракелде” дегиң келет.
Дегенибиз, бүгүн районубузга Төрөбай Зулпукаров, Азамат Арапбаев сыяктуу эр азаматтарыбыздын демилгеси жана демөөрчүлүгү астында 40 тонна ун, 5 тонна өсүмдүк майы, 20 миң даана бет каптар келди.
Районубуздун акими Давранбек Маматалиевдин айтымында, келген жардамдар эң алгач айыл өкмөттөрдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилет. Бүгүн айыл өкмөттөрдө тизмелер такталып жатат.
Бул эле эмес, дагы бир жакшы кабар. Миңдеген жаштарыбызга жумуш орун түзүп, жүздөгөн жарандарыбыздын үйлүү болуусуна кызмат кылып келе жаткан “Эмаком” холдинг курулуш компаниясы да ушундай учурда районубузга айтарга арзырлык жардам берип отурат. “Эмаком” холдинг курулуш компаниясынын жетекчилиги элибиздин ден соолугунун жакшы болуусуна жардамы тийип, кызмат кылсын деген жакшы ниетте бардык керектүү аспап жана аппараттары бар 38 миң долларлык, заводдон түз алынып келинген жапондордун жаңы тез жардам автоунаасынын ачкычын акимге тапшырды. Мындан тышкары, он беш миң даана бет кап да беришти.
"Албетте, инсан катары эл башына ушундай мүшкүл иш түшкөндө жөн карап тура албайт экенсиң. Мекенчилдик сезимиң ан сайын күчөп, элиме кантип жардам берем деген ойлор жан дүйнөңдү тыбырчылатып, тынчтык бербейт экен. Анан биз ойлонуп, ушундай кадамга бардык. Бул биздин аз болсо да элибизге берген жардамыбыз болсун.Негизи мындай соопчулук иштерди жасаганды айткан туура эмес. Бирок башкаларга да үлгү болсун деген максатта айтып жатабыз”, - дешет “Эмаком” холдинг курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрү, ага-ини Эмилбек жана Мелисбек Жусуповдор.
“Жакшылык иште жарышкыла” деп айтат пайгамбарыбыз өз осуятында. “Мындай садака иштерин башкалар да үлгү алсын деген максатта ачык жасаган да жакшы”, - дейт аалымдарыбыз.
Анын сынарындай балким биз да жогорудагыдай сооптуу иштерди жасаган, элге жардам берген жигиттерибиздин аты-жөнүн башкаларга да үлгү болсун, аларда ушундай жакышылык иштин улантуучулары болуп калышсын деген жакшы ниетте жарыялап олтурабыз.
Нуркамил АБДУЛЛАЕВ
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн