Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев баштаган бир топ адам Ош шаарында кайрымдуулук ишин жасады. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ысык тамактарды уюштурулган. Ошондой эле, көчөдө жүргөндөргө медициналык бет каптар таратылган.
Ал кайрымдуулук кылуу үчүн өтө бай болуштун деле кереги жок экенинин айтат.
“Сиздер да тонналап ун, май тарата албасаңар да, колуңардан эмне келсе ошондон жардам бере бергенибиз туура болот. Жок дегенде интернет аркылуу врачтарды даңазалап, аларга жакшы сөз айтып туралы, алар айткан эрежеге баш ийели, үйдө бололу. Биз да колубуздан келишинче, бир айлык акыбызды котордук, депутаттык фонддун акчасын да толугу менен врачтардын мед.коргонуучу костюмдарына бөлдүм. Бай-кедейге бөлүнбөй, бир нанды теңге бөлүп жеген боорукердигибиз менен, эң башкысы расмийлер айткан тартипти бекем сактасак-жеңишке, жайбаракат турмушка жакындап баратабыз”, - деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн