Бугу 09, 2024
Убакыт: 21:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Эл өпкө менен ооруп жатканда ун сатуучуларды Финпол өпкөгө койгону туура эмес, - Жолдошбаев

14.04.2020 12:19
1129
Эл өпкө менен ооруп жатканда ун сатуучуларды Финпол өпкөгө койгону туура эмес, - Жолдошбаев


Финпол менен Салык инспекциясынын өкүлдөрү Бишкектеги айрым ун сатуучулардын жүрөгүн түшүрүп, өпкөгө уруп кетишиптир, деп билдирди депутат Камчыбек Жолдошбаев бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттер жыйынында.


Анын айтымында, борбордогу Кулатов көчөсүндө ун саткан 10дон ашуун сатуучу бар. Аларга Финпол менен Салык инспекциясынын кызматкерлери келип, 5 тоннадан ашык ун алууга тыюу салып жатат.


Мен бир жума мурун ошол жерге барып, 1 саат турдум. 4-5 киши гана ун алды. Сатуучулар менен баарлашсам, алар айтышат “5 вагондоп ун алабыз, кеминде 350 тонна, 150 тонналап. бул жерде 5 тоннадан ашык кармабагыла деп жатышат, калганын кайда алып барабыз” деп арызданышты. Алар Финпол менен Салык инспекциясынын кызматкерлеринин атын атагандан аябай коркушту. Ушундай жүрөгүн түшүрүп, өпкөгө уруп салыптырсыңар. Эл азыр өпкө менен ооруп жатканда өпкөгө койгонуңарды койгула да”, - деди Жолдошбаев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн