Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

19.05.2023 13:27
418
“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды


КР президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка мыкты 100 университеттин тизмесине кирген ЖОЖго академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.

"Документтерди онлайн кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары, документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек", - деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк сайттан тааныша аласыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн