Бирдин айы 06, 2025
Убакыт: 15:21
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

“Эл үмүтү” стипендиясынын ээлери өз мекенинде иштөөдөн баш тартышууда, - министр

06.02.2025 12:28
25
“Эл үмүтү” стипендиясынын ээлери өз мекенинде иштөөдөн баш тартышууда, - министр


“Эл үмүтү” стипендиясынын ээлери өз мекенинде иштөөдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Ал белгилегендей, министрлик 2024-жылы чет өлкөлүк ЖОЖдордо окуусун аяктагандан кийин мамлекеттик кызматта иштөөгө же ага жумшалган каражатты мамлекетке кайтарууга милдеттүү деген норма киргизилген.


«Биз бүтүрүүчүлөрдү бош орундарга чакыруудабыз, бирок алар кайра кайтып келишпей жатат», - дейт Догдуркүл Кендирбаева.


Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервине конкурстан тышкары кабыл алууну сунуштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн