Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:15
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Эл жарыксыз калбайт. Сырттан электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот

01.08.2020 14:56
1211
Эл жарыксыз калбайт. Сырттан электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот


Эл жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Мындай маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта “Биринчи радиого” курган маегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

Бул маселе бир эле бизде эмес, региондо суу тартыштыгы болуп жатат. Былтыр тоолордо кар орто дээңгелде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок, тилекке каршы «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга, Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына да суу азыраак келип калды. Айрыкча, суу июнь менен июль айларында келет, - деди президент.

Ал белгилегендей, былтыркыга караганда азыр 2 млрд 400 млн куб суу аз болуп турат. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого карап анан тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт. Жакшы үмүт менен жакшы тилек тилеп туралы. Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ага чейин өзүбүздүн мүмкүнчүлүк бар. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйсө, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буюрса”, - деп кошумчалады Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн