Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Элчи Артыкбаев Монголиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

29.08.2023 10:44
414
Элчи Артыкбаев Монголиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды


Күн мурун, 28-августта Улан-Баатыр шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүхгө ишеним грамотасын тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, расмий салтанатта ишеним грамотасын тапшырып жатып, элчи Айбек Артыкбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүхгө жана Монголиянын элине жолдогон саламын жана ак тилегин айтып, кыргыз тараптын эки тараптуу мамилесин сапаттык жактан жогорку деңгээлге көтөрүүгө даяр экендигин жарыялады.

Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга болгон ушул жылдын июлундагы мамлекеттик сапарына биргелешип жогорку баа берди.

Элчи Артыкбаев мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды мындан ары практикалык ишке ашыруу максатында кыргыз тараптын жогорку деңгээлде парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык өз ара сапарларды, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйын, иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрелсүх Кыргызстандын Улан-Баатыр шаарында элчилигинин ачылышына туш келген Кыргызстандын Монголиядагы биринчи элчиси катары ишинин башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле элчи Айбек Артыкбаев эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Президент Ухнаагийн Хүрэлсүх Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарына баа берип жатып, өзүнүн жакын досу деп эсептеген Кыргызстандын президентине салам айтуу өтүнүчүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн