Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Элчи Исмаилова Кореянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

08.02.2024 12:54
248
Элчи Исмаилова Кореянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту


Кыргызстандын Кореянын элчиси Аида Исмаилова Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Чон Бён Вон менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Тараптар ошондой эле көп тараптуу кызматташуу маселелерин атап айтканда, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсү тууралуу талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн