Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Элчи Мадмаров Түркмөнстандын энергетика министри менен жолугушту

26.01.2024 10:15
210
Элчи Мадмаров Түркмөнстандын энергетика министри менен жолугушту


Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын энергетика министри, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын түркмөн бөлүгүнүн төрагасы Аннагелди Сапаров менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилеп, ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге энергетика тармагындагы мамлекеттер аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга умтула тургандыгын ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн