Тогуздун айы 30, 2024
Убакыт: 13:25
USD
85.65
86.15
EUR
92.20
93.20
RUB
0.875
0.915

Элчи Марипов Сауд Аравиянын Чыгыш провинциясынын губернатору менен жолукту

30.10.2024 11:28
13
Элчи Марипов Сауд Аравиянын Чыгыш провинциясынын губернатору менен жолукту


Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Даммам шаарында Сауд Арабия Падышалыгынын Чыгыш провинциясынын губернатору Ханзаада Сауд бин Найеф бин Абдулазиз Аль Сауд менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү динамикасы канааттануу менен белгиленди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Чыгыш провинциясынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, туризмди жылдыруу жана ишкердик байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Марипов Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы, социалдык-экономикалык жетишкендиктери жана өлкөнүн улуттук экономикасынын тез өнүгүүсү, ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттар тууралуу кеңири айтып берди.

Ал өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууда эки мамлекеттин жеке секторлорунун өкүлдөрүнүн маанилүү ролун белгилеп, үстүбүздөгү жылдын ноябрь-декабрь айларында Кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын Бишкекте өтүүсү, ошондой эле Сауд Аравиясынан Соода-өнөр жай палатасынын федерациясынын Төрагасы башында турган ири бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына сапары күтүлүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Марипов губернаторду өлкөнүн потенциалы менен таанышуу үчүн өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ханзаада Аль Сауд Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча жасалган эбегейсиз иштер үчүн Мариповго ыраазычылык билдирип, элчинин Кыргызстан менен Чыгыш провинциясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү зарылчылыгы тууралуу пикирине кошулду.

Чыгыш провинциясы өлкөнүн ири өнөр жай аймагы жана бизнес үчүн негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, ушул себептүү ал Кыргызстан менен Чыгыш провинциясынын ортосундагы инвестициялык, соода-экономикалык чөйрөлөрдө байланыштарды активдештирүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле аймактын бизнес-коомчулугу менен байланыш түзүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошол эле учурда Ханзаада Аль Сауд чакыруу үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирип, мүмкүнчүлүк жаралганда ажайып өлкөнү көрүп келүүгө кубанычта болорун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелерди, анын ичинде эки боордош мамлекеттин жеке секторлорун жакындатуу боюнча ишти улантууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: Сауд Аравиянын Чыгыш провинциясы (Аль-Шаркия) ири өнөр жай аймагы жана өлкөнүн эбегейсиз мунай өнөр жайынын борбору. Падышалыктын чыгыш бөлүгүндө өлкөнүн ири компаниялары, анын ичинде Aramco, ошондой эле негизги мунай кендери жана дүйнөдөгү эң ири мунайды кайра иштетүүчү завод жайгашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн