Бугу 08, 2024
Убакыт: 16:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Элчи Марипов Сауд Аравиянын ТИМ башчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

25.10.2023 10:21
159
Элчи Марипов Сауд Аравиянын ТИМ башчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады


Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолугушту. 

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 23-октябрда Эр-Рияд шаарында өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Улукбек Марипов министрдин орун басарына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун САПтын Мураскер Ханзаадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салманга жолдогон катын тапшырып, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин Улуу Даражалуу Ханзаадага багытталган жылуу саламын айтып, Сауд Аравиясынын ири компанияларынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга кыргыз тарабынын кызыкдар экендигин билдирди.

Элчи бүгүнкү күндө Ээлчиликке жүктөлгөн көптөгөн милдеттер жана кыргыз-сауд күн тартибиндеги маселелер аткарылганын, тактап айтканда, эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарынын ачылганын, кыргыз-сауд бизнес-кеңеши түзүлгөнүн, өкмөттөр аралык комиссиялардын алкагында иштер жүрүп жатканын, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу улантылып жатканын, ар кандай деңгээлдеги сапарлар үзгүлтүксүз алмашып тургандыгын белгиледи.

Элчи Улукбек Марипов ошондой эле түз аба байланыштарынын ишке киргизилүүсү өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн, туристтердин агымын көбөйтүү жана эки өлкөнүн бизнес процесстерин өз ара интеграциялоонун негизги кыймылдаткычтарынын бири болушу керектигин баса белгиледи.

Өз кезегинде САПтын тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын жогору баалап, көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу зарылдыгын белгиледи.

Ошол эле учурда ал эл аралык уюмдардын алкагында жана падышалыктын эл аралык иш-чараларды өткөрүү өтүнүчүн кыргыз тарап ар дайым Сауд Аравиясын колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, тараптар мындан ары да эки тараптуу мамилелерди бекемдей берээрине ишеним билдирди.

Мындан тышкары, тараптар ушул жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн “БА+БКК” биринчи саммитинин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен САПтын Мураскер Ханзаадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауддун ортосундагы эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти.

Тараптардын айтымында, бул формат өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө ниетин толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантуу, ошондой эле соода-инвестициялык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди көрүү боюнча макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн