Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Элчи Марипов Сауд Аравиянын экономика министри менен кызматташтыкты талкуулады

04.08.2023 15:13
313
Элчи Марипов Сауд Аравиянын экономика министри менен кызматташтыкты талкуулады


Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов аталган өлкөнүн экономика жана пландоо министри Фейсал бин Фадель Аль-Ибрахим менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 2-августта Эр-Рия шаарында өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди жана ошондой эле санариптик трансформация чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулашты. Эки тарап тең кызыкдар болгон бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыктын эбегейсиз зор потенциалын белгилешти.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн «Борбор Азия + Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» биринчи Саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты. Тараптардын пикири боюнча, бул формат бардык катышуучулар үчүн өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана эки аймактын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө ниетин толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле тараптар «Жидда-Ош-Жидда» жана «Жидда-Бишкек-Жидда» багыттары боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдардын ачылышын канааттануу менен белгилешти. Аба каттамдарын түзүү, тараптардын пикири боюнча, өлкөлөр ортосундагы соода алмашуунун көлөмүн жогорулатуу, туристтердин агымын көбөйтүү жана эки өлкөнүн бизнес процесстерин өз ара интеграциялоонун негизги кыймылдаткычтарынын бири болууга тийиш.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Марипов КР министрлер кабинети тарабынан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштерге кеңири токтолуп, маектешке КРдеги инвестициялык климат боюнча маалыматты таанышуу үчүн тапшырды. Ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду кеңейтүү кадамдарына өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Ф.Аль-Ибрахим Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын жогору баалады. Ал КРнын САПтагы Элчилигинин иши мамлекеттер ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо багытын уланта берерине ишенимин билдирип, эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын чыңдоого салым кошууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Сауд Аравиясынын жогорку делегациясынын КРга боло турган иш сапарларын, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «БА+БАМКК» саммитине катышуунун алкагында эки мамлекеттин лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууну макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн