Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Элчи Муса Жаманбаев Ташкентте жашаган жергиликтүү кыргыздар менен жолукту

20.09.2024 12:37
328
Элчи Муса Жаманбаев Ташкентте жашаган жергиликтүү кыргыздар менен жолукту


Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Ташкент облусунун Бостандык районундагы Тепер жана Теке-Жангак айылдарында болуп, жергиликтүү кыргыздардын ардактуу мейманы болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ташкенттеги Кыргыз улуттук маданий борборунун тѳрагасы Хамид Ашурматов билдирди.

Муса Жаманбаев Тепер айылындагы №46 жана Теке-Жангак айылындагы №50 кыргыз мектептеринде болду. Элчи мектептерде жүрүп жаткан окуу жараяны, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар, китепкана жана спорт залы менен таанышты. Мектептерде кыргыз тили жана адабиятын, чет тилдерин жана заманбап предметтерди окутуу маселесине өзгөчө кѳңул бурду.

Ошондой эле элчи окуучулар жана жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда кыргыз жана ѳзбек элдеринин түбѳлүк достугуна, Кара-Кыргыз автономилуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, учурда Кыргызстанда жүзѳгѳ ашырылып жаткан ѳзгѳрүүлѳргѳ, соңку жылдарда эки боордош мамлекеттин ортосунда күн сайын ѳнүгүп жаткан достук жана кызматташтык мамилелерине кенен токтолду.

Айрыкча, кыргыз ѳкмѳтү тарабынан чет ѳлкѳлѳрдѳ, ошондой эле Ѳзбекстанда жашап жаткан этникалык кыргыздардын перзенттери үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жыл сайын берилип жаткан квота (грант) тууралуу маалымат берди.

Элчи Жаманбаев ѳз сѳзүндѳ, Ѳзбекстанда жашап жаткан этникалык кыргыздардын тилин, улуттук каада-салт, үрп-адаттарын сактап, улуттук маданий жана руханий ѳзгѳчѳлүгүн ѳнүүктүрүгѳ жардам берүү элчиликтин кѳңүл чордонунда экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда элчилик тарабынан мектептер жана айыл ѳкмѳттѳрдүн китепканаларына Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги 10 томдук чыгармалары жана башка жазуучулардын кѳркѳм адабий китептери, ошондой эле мектептерге комуз жана спорт каражаттары тапшырылды.

Эскерте кетсек, Ташкент облусунда 5 кыргыз мектеби бар. Анын ичинен 3 мектепте окуу жалаң кыргыз тилинде, ал эми калган 2 мектепте кыргыз-ѳзбек аралаш класстар бар. Паркент районундагы №33 кыргыз орто мектебине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовтун эстелиги орнотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн