Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:29
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Элчи Омар Султанов Швейцариянын SICPA SA компаниясына барды

29.10.2024 11:34
135
Элчи Омар Султанов Швейцариянын SICPA SA компаниясына барды


Экономикалык дипломатия жаатындагы ишмердүүлүктүн алкагында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов 25-октябрда SICPA SA компаниясына барышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө салык төлөөдөн качуунун алдын алуу аркылуу мамлекеттин кирешелерин көбөйтүүгө жөндөмдүү молекулалар деңгээлинде күйүүчү майды маркировкалоо боюнча SICPA SА`нын технологияларын Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Тараптар компаниянын Кыргызстандагы күйүүчү майды маркировкалоо боюнча долбоорго 12 млн доллар өлчөмүндөгү инвестиция салуу боюнча пландарын да талкуулашты.

Маалымат үчүн: SICPA SA компаниясы 1927-жылы түптөлгөн. Анын баш-кеңсеси Швейцариянын Во кантонундагы Лозанна шаарына чукул жайгашкан. Компания дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да 130 миллиарддан ашуун банкнотторду коргоо менен алектенет. АКШнын 40 штаты менен контракттары бар. SICPA SA аткезчилик, товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана аларды жасалмалоо менен күрөшүү боюнча санариптик технологиялардын алдыңкы иштеп чыгаруучусу, жылына 80 миллиарддан ашуун товардык позицияларды жана 60 млрд литрден ашуун күйүүчү майды маркировкалайт. Компаниянын 36 өлкөдө 3 миң кызматкери жана иштеп чыккан технологияларына 5 миңден ашуун патенти бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн