Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов "Спутник Кыргызстан" радиосуна берген маегинде Россияда коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар жок экенин айтты.
Ал мекендештерге колдон келген баардык жардамын көрсөтүп жатканын кошумчалады.
"Россияда коронавирус катталган күндөн тарта эле биз, диаспора жетекчилери, бул жактагы кыргызстандыктар менен тыгыз иштешүүдөбүз. Ал үчүн атайын штаб да түзүлгөн. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында айрым мекендештер Кыргызстанга кайтып кетишкен. Калгандары менен диаспоралар, элчилик дайым байланышта болуп, абалдары көзөмөлдө. Тилекке каршы, кызматы убактылуу токтоп, жумушу жок калгандар да бар. Эгер Кыргызстанга кетүүнү кааласа, учуп кете алышат. Каттамдар кыскартылган, бирок таптакыр токтоп калган жок", — деген Жекшенкулов.
Мындан сырткары, Россия менен Кыргызстандын ортосунда түрдүү бардык жагдайлар боюнча сүйлөшүүлөр тынбай жүрүп жаткандыгын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн