Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 15:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Элчи Толенды Макеев Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери менен жолугушту

19.02.2024 13:05
347
Элчи Толенды Макеев Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери менен жолугушту


Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Толенды Макеев Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-чех парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн спикерлеринин өз ара иш сапарларын уюштуруу үчүн бул мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин, достук топторунун жана аппараттарынын деңгээлинде байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын жана Чехиянын парламенттеринин Европа Биримдигинин, Европарламенттин, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча биргелешкен кыргыз-чех долбоорлорун ишке ашырууда колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча да пикир алмашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн