Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Элчилик: Алматыдагы аэропортто кыргыз жарандары бар

06.01.2022 09:58
715
Элчилик: Алматыдагы аэропортто кыргыз жарандары бар

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Учурда өлкөнүн түндүк аймактарында жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары жок, деп билдирди Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшенбиев.


Анын айтымында, элчилик кыргыз эли менен диаспора аркылуу да үзгүлтүксүз байланышта.


"Биз алар аркылуу байланышып, коопсуздук чаралары боюнча сунуштарды берип жатабыз.


Кошумчалай кетсек, Алматы аэропортунда Кыргыз Республикасынын жарандары бар экенин билдиребиз. Алардын так саны такталууда. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилиги толугу менен коопсуз экенин билдирген жарандардын бири менен тынымсыз байланышта. Жараныбыз менен жеке өзүм байланышып, ден соолугунун абалы жана алардын жүрүү шарттары тууралуу билдим. Шаарда жана түз аэропортто түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздук чараларын сактоо боюнча сунуштарды бердим.


Ошондой эле Казакстандын түштүк аймагындагы кырдаалга Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу да көз салып турат.


Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын бардык коопсуздук чараларын сактоого чакырам. Жергиликтүү бийликтердин көрсөтмөлөрүн жана өзгөчө абал жана коменданттык сааттын шарттарын угуп, аткарыңыздар", - деп жазган дипломат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн