Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Элчилик Москвадагы кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

24.03.2020 20:41
914
Элчилик Москвадагы кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды


Москва шаарындагы “Домодедово” аэропортунда жүргөн кыргыз жарандары тууралуу ЖМКларда туура эмес маалыматтар тарап кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө, чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Ошондой эле Москва бийлигинин жана укук коргоо органдарынын күчөтүлгөн тартибине баш ийүүгө, коомдук жайларда, өзгөчө аэропортто талап кылынган эрежелерди сактоо керектигин билдирүүдө.


Элчиликтин маалыматы боюнча, кечээ, 23-мартта Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жана элчиликтин кызматкерлери Москва шаарындагы бир катар аэропорттордо кыргыз жарандарына байланыштуу абалды жөнгө салуу үчүн кезектеги кызматтык сапарын уюштурган.


Анда аэропортто баш аягы 42 кыргыз жараны болсо, алардын бешөөнүн билети жок, калгандарынын билеттеринин күнү ар кандай: 19-марттан 27-мартка чейин уча турган ар башка аба каттамдар экени маалым болгон. Алардын чогуу бир каттам менен учуп кетүүсүнө мүмкүндүк болгон, бирок андан алар баш тартышкан. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин 25 адам аэропорттон чыгып кетишкен, алардын бешөө "Шереметьево" аэропортуна авиабилет алуу мүмкүнчүлүгүн издеп барышкан.


Ал эми 11 жаран Элчиликтин унаасы менен келип, 7 адам хостелге жайгаштырылган, калган 4 киши жашаган жерлерине кайткан. Хостелге жайгаштырылган жарандар үчүн тамак-аш уюштурулуп берилген. Калган 17 жаранга аэропортто калууга болбой турганы, кийинки каттам кайсы күнгө белгиленгендиги так эмес экендиги түшүндүрүлгөн.


Ошондой эле жергиликтүү милиция кызматкерлери да авиарейстерге дал келбеген билеттери менен аэропортто калууга тыюу салынары айткан. Ага карабай “Домодедово” жана “Жуковский” аэропортторунда билети жок 2-3 адам Кыргызстанга жеткирүү талаптары менен такталбаган маалыматтарды таратып, чагымчылдык аракеттерди жасаган.


Мындан улам элчилик чыр-чатактуу абалды күчөтүүдөн качууга, ажиотажга алдырбоого, туура эмес маалыматтарды ЖМК өкүлдөрүн тактап туруп жарыялоого чакырды.


Ошондой эле элчилик Москванын бардык аэропортторунда – “Домодедово”, “Шереметьево” жана “Жуковскийде” күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлүп жатканын, мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча Россия тарап менен жана авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын кошумчалады.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн