Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Элчилик Россияда жүргөн кыргыз жарандарына аскерге чакыруу келген учурда дароо элчиликке кайрылууга чакырды

21.09.2022 17:57
447
Элчилик Россияда жүргөн кыргыз жарандарына аскерге чакыруу келген учурда дароо элчиликке кайрылууга чакырды

Элчиликтин 21-сентябрдагы билдирүүсү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы тарабынан Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандардын Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актыларынын кабыл алынышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.


"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда, Элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн