Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 22:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

24.06.2023 14:14
659
Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады


Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФте жүргөн КР жарандарын Украина менен чектеш аймактарында кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу ал жактарга барбай турууну суранды. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.


Дипломатиялык өкүлчүлүк аталган аймактарда жашаган кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоону жана зарыл болгон учурда байланышка чыгуусун өтүнөт.


Ишеним телефондору: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.


Эске салсак, "Вагнер" тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин "Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерине сокку урду" деген билдирүү тараткан.


Көп өтпөй Москва шаары жана Москва облусунун аймагына болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн