Бугу 21, 2024
Убакыт: 09:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Элчилик: Түркиядагы студенттер жатаканалардан чыгарылып жатат деген жалган

06.04.2020 20:11
796
Элчилик: Түркиядагы студенттер жатаканалардан чыгарылып жатат деген жалган


Түркиянын университеттеринде билим берүү процесси токтотулганына байланыштуу студенттер жатаканалардан чыгарылып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын Элчилигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, айрым жатаканалар карантинге жабылып же убактылуу эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген жарандарга обсервация үчүн колдонулуп жатат. Мурда жатаканаларда жашаган студенттер башка жатаканаларга көчүрүлгөнүн билдирди.


Ошондой эле, айрым жерлерде коопсуздук максатында бир кишилик бөлмөлөргө жайгаштырылган.


Өз кезегинде, окуу процесси дистанттык негизде уланууда. Мамлекеттик программанын алкагында бюджеттик негизде окуган студенттер белгиленген тартипке ылайык стипендияларын алууда жана ошондой эле жатаканаларда мурдагыдай эле күнүнө 2 маал тамак берилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн