Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Элчилик кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу Россия ТИМне нота жөнөттү

03.08.2023 11:42
374
Элчилик кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу Россия ТИМне нота жөнөттү


Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарында кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нота жөнөттү.

КР ТИМден билдиришкендей, кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы 2023-жылдын 18-июлунда болгон. Бирок, жабыркаган мекендеш элчиликке кайрылган эмес. Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, элчилик тараптан жабыркаган Кыргызстандын жаранынын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштери башталган.

“Азыркы учурда элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул факты боюнча жабыркаган менкендешибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында элчилик тараптан тиешелүү иш-чаралары көрүлүп жатат”, - деп кошумчалашты министрликтен.

Ошондой эле белгиленгендей, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргызстандын элчилигинен расмий нота жөнөтүлдү.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн