Бугу 17, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Элчилик: "Россияда кыргыз жарандарына учакка, автобуска жасалма билет саткан алдамчылар пайда болду"

16.05.2020 12:37
1099
Элчилик: "Россияда кыргыз жарандарына учакка, автобуска жасалма билет саткан алдамчылар пайда болду"


Россияда кыргыз жарандарына учакка, автобуска жасалма билет саткан алдамчылар пайда болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, элчиликке алдамчылардын тузагына кабылып,  Оренбург жана Кыргызстанга кете турган учак, автобустарга деп жасалма билеттерди сатып алган жарандар арыз менен кайрылышып жатат.  Буга байланыштуу элчилик мигранттарды алдамчылардан сак болууга чакырат.


 "Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Оренбургга жана Кыргызстанга самолет жана автобуска жасалма билет саткан жана Мекенине кайтууну каалаган жарандардын тизмесин түзүп жаткан, ошондой эле документтерди, анын ичинде миграциялык карта, каттоо карталарын жасалма жасаган белгисиз адамдарга алданган жарандар кайрылып жатат.

Ушуга байланыштуу, Элчилик жарандарды сак болуп, мындай алдамчылардын колуна түшүп, алданып калбоого чакырат. Эгерде ошондой адамдарга туш келсеңер, Россиянын ИИМинин аймактык тийиштүү органына, ошондой эле Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө тийиштүу арыз менен тез арада кайрылууну сунуштайбыз.

Алдамчылык менен иш кылган адамдар Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгилеп кетебиз", - деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн