Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Элчиликтин ишине кол тийгизүүгө жана шарт коюуга жол бербейм, - Аликбек Жекшенкулов

13.07.2020 18:10
1085
Элчиликтин ишине кол тийгизүүгө жана шарт коюуга жол бербейм, - Аликбек Жекшенкулов

Пандемия учурунда Москва шаарындагы 150 дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ичинен Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги гана бир дагы күн жабылбастан, күнү-түнү иштеди. Бул тууралуу дипломатиялык өкүчүлүктүн “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин президенти Абдыганы Шакировго жолдогон катында айтылат.

Белгилей кетсек, мурдараак аталган бирикменин жетекчиси элчиликтин ишмердүүлүгүнө, анын ичинде Кыргызстанга чартердик каттам менен кайтаруу үчүн түзүлгөн тизме боюнча сын айтып чыккан. Абдыганы Шакировдун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн катында мекенге кайтаруу тизмесине капыстан туш келген элдер кирип жатканын жазган.   

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов мындай билдирүүлөр боюнча жообун кайтарды.

“Пандемия башталгандан тартып 2020-жылдын 17-мартынан бери Элчиликтин алдында коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча штаб түзүлүп, кыргызстандык коомдук уюмдар менен биргеликте муктаж болгон мекендештерге жардам көрсөтүү боюнча биргеликте иштер жүргүзүлдү. Аны менен катар түнү-түнү жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча колл-борбор уюштурулган. Анда бүгүнкү күнгө чейин түшүндүү иштери жана азык-түлүк боюнча жардамга муктаж адамдардын арыздарын кабыл алуу жумуштары аткарылат”, - деп айтылат маалматта.

Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандыктарды өз мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга Россиядан 20 автобус жана 51 авиа каттам уюштурулуп, 10 миң 904 адам үйлөрүнө кайтарылган. Аларды тизмеге киргизүүдө артыкчылык улгайган адамдарга, кош бойлуу келиндерге берилген.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, мекендеш диаспоралык бирикмелердин лидерлерине авиа каттамдан квота бөлүнүп, бирикмелер ичинде таратылып берилчү. Мындан улам Штабдын дарегине “тизмеге капыстан адамдар кирип жатат жана тандоо принциптерин бузуп жатышат” деп айтылган айыптар негизсиз”, - деп билдирди Элчилик.

Муну менен катар мекеме 17-майда аба каттамдын уюштурулушу боюнча чындыгында нааразычылыктар жаралганын айтты, анткени 60ка жакын адамдын документтери жасалма болгондуктан каттамдан алынып салган.

Коомдук активист Тимур Саралаев “мамлекеттик документтерге мүмкүнчүлүк алды” делген айыптоолор негизсиз. Ал өз ыктыяры менен техникалык маселелер менен алектенип, дипломаттардын тапшырмасын аткарат. Элчиликтин түзүмдөрү, коопсуздукту камсыздоо жана конфиденциалдуулукту бир гана Т.Саралаев эмес, башка бардык волонтерлор тыкыр көзөмөлдөп турушту. Ошондуктан алар мамлекеттик маанидеги кандайдыр бир документтерди алууга мүмкүнчүлүктөрү болгон жок”, - деп белгиледи Элчиликтин басма сөз кызматы.

Аликбек Жекшенкулов өзүнүн жообунда бегилегендей, бир уюмдун пикири бардык мекендештердин позициясын чагылдыра албайт.

"Мен Кыргызстандын элчиси катары сизге жана башка чет өлкөлүк жарандарга Элчиликтин ишмердүүлүгүнө кол тийгизүүгө жана шарт коюуга жол бербейм. Ошол эле учурда мен ар дайым ачык сүйлөшүүгө, диаспоралык уюмдар менен кеңири кызматташууга жана жакынкы убактарда мүмкүнчүлүк болсо жолугушууга даярмын”, - деп сөзүн аяктады Аликбек Жекшенкулов. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бексултан
Мен 3 айдан бери арыз жазам эч элэ каралбайт элчиликтен емне учун
ХУДОЙБЕРДИ КЫЗЫ ТОКТАКАН
Мен 2 айдан бери кете албайтам пасолствага барсам караган жок кыргыстанда еки кичу кызым бар аларга да акча жибералбайтам кварплат тологону да акчам калбады жумушум жок жардам берсениздер