Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Элдар Сулайманов: “Максатым – жаңы көз караш, жаңы долбоорлор менен Кыргызстанды өнүктүрүү!”

18.11.2021 18:38
1088
Элдар Сулайманов: “Максатым – жаңы көз караш, жаңы долбоорлор менен Кыргызстанды өнүктүрүү!”


“Ата-Журт Кыргызстан” (№21) партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болуп бараткан Элдар Сулайманов (№30) менен маек.


- Элдар мырза, чоң саясата аттанып жатасыз, көздөгөн максатыңыз эмне?

- Саясатка аттанып жатканымдын биринчи себеби, баарыбыз учурда кандай жаңы тенденциялар, кандай жаңы өзгөрүүлөр орун алып жатканына күбө болуудабыз. Шайлоо системасы да жакшы жагына өзгөрдү. Эми мурдагыдай бүтүндөй партияга добуш бербей, арасындагы ар бир талапкерди да тандай алабыз. Мен муну элге, эл үчүн иштейм деген инсандарга берилген чоң мүмкүнчүлүк катары кабыл алдым. Өзүм шайлоо иштерине аралашып жүрүп көрүп атам, бир да административдик р есурс колдонулбай, адамдардын да аң-сезимине шайлоону таза өткөрүү керек деген түшүнүк сиңе баштады. Ушунун баары чындап эле Кыргызстаныбыз өсөт, өнүгөт экен деген үмүттү жаратты.


Мен чет өлкөдөн алган билимимди, топтогон тажрыйбамды мекенимдин пайдасына иштетким келет. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасынан байкап жүрөм, өнүккөн өлкөлөр алгач биз сыяктуу акырындан реформаларды баштап, андан кийин даңгыр жолго түшкөн. Биринчи кезекте, биз Жогорку Кеңештин имиджин өзгөртүшүбүз керек. Акыркы жылдары кадыр-баркы аябай эле кетип калды. Жаңы муун келсе, ишти башкача алып барабыз деп ойлойм. Иштебеген мыйзам, нормаларды жокко чыгарып, сабаттуу, сапаттуу, элдин кызыкчылыгын карманган мыйзам чыгаруу менен гана алектенсек, Кыргызстан өнүгөт. Азыр парламенттик функциясы бир аз башкачараак болуп кетти, биз ал кемчиликти жоюшубуз керек. Жогорку Кеңештин имиджи көтөрүлсө, жалпы Кыргызстандыкы көтөрүлөт.


- Бүгүнкү күндө кыргыз саясаты жаңылануу алдында турат. Сизден кандай жаңылануу күтсөк болот?

- Жаңылануу – мен жогоруда айтканымдай, Кыргызстандын имиджин көтөрүү. Бул абдан маанилүү нерсе, бирок көбү көңүл бура бербейт. Менимче, жаңылануу үчүн Грузиянын тажрыйбасына салып, биринчи имиджди өзгөртүүнүн үстүндө иштөө керек. Мен ал өлкөгө барганымда кандайча өнүгүштү деген суроонун тегерегинде баам салып көрдүм. Туристтер тынбай каттап, көз жоосун алган имараттар, ишканалар курулуптур. Буга кантип жетишишти? Мурдагы президенти Саакашвилинин өлкө имиджине өзгөчө маани бергени үчүн. Биз да ошондой кылсак, Кыргызстан туура жолго түшөт деп ойлойм. Өлкөбүздө революция көп болду, Кыргызстан дегенде башка өлкөлүктөр революцияны түшүнүп калгандай чекке жеттик. Ошол түшүнүктү өзгөртүүгө тийишпиз. Ал боюнча программа жазып жатам, командабыз иштеп жатат. Буйруса, жакын арада концепцияларын презентация кылууга даярмын.


- Талапкер катары аттандыңыз, өлкөдөгү орчундуу маселе катары кайсы маселелерди көрүп жатасыз?

- Кыргызстанда маселелер абдан көп, алардын арасынан учурда курч тургандардын бири деп электр энергиядагы көйгөйдү айтат элем. Бир гана бизде эмес, дүйнө жүзү ушул маселе менен алышууда. Менин оюмча, мында башкача кадам жасашыбыз керек, ал – жаңылануучу энергия. Энергетикалык кризиси бизге чейин Европага жеткен. Алардын тажрыйбасын алып, кантип чечип жатканын байкаштырып, дүйнөлүк тенденцияны талдап, энергитикалык кризистен чыгуунун жолун издөөгө тийишпиз. Ал үчүн тиешелүү мыйзам, нормалар керек болот. Аларды карап чыгып, жаңылануучу энергия боюнча инвестиция кылабыз деген инвесторлорго максималдуу шарт түзүп беришибиз кажет.


Дагы бир маселе – экология. Бишкекте абал кандай болуп жатканын билебиз. Жылдан жылга суу азайып баратат, бул дүйнөлүк тенденция. Мындан ары көбөйбөйт, азайып гана жүрүп отурат. Иликтөөлөргө караганда, 2050-жылы таза суу абдан аз калат. Ошондуктан, таза сууну үнөмдөп, натыйжалуу пайдалануунун жолдорун табышыбыз керек. Ушул эки глобалдуу маселени чечүү зарыл.


- Ушул маселелерди чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

- Жолдору көп. Жеке көз карашым менен алганда, биз коркпой эле чет өлкөдөн, мисалы Грузиядан, Батыштан эксперттерди, кеңешчилерди чакырып, биргеликте программаларды жазуу керек. Мисалы, бизнес ачып жатканда бизнес-долбоор жазылат эмеспи, ал бир гана насыя алыш үчүн эмес, өзүң үчүн - ишти кайсы багытта алып кетесиң, кантип бутуна тургузасың – билиш үчүн жазылат. Кыргызстанды өнүктүрүүгө да ушундай план керек. Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү кылып, бардык багыттарды камтуу зарыл. Анан ошону аткарып, анын жетегинде кете берсек, жакшы жыйынтыкка жетишмекпиз. Биз ар кайсы маселеде өрттү өчүрүп иштейбиз. Ошол өрттүн алдын алуу боюнча иш аракеттер жок. Эми мындай кемчиликтерди жоюп, кайсы бир маселени алдын ала иликтеп, аны болтурбай коюуну колго алууга убакыт келди. Ошондо, ресурстарды натыйжалуу колдонмокпуз.


- Шайлоочуларга, тарапташтарыңызга талапкер катары кайрылууңуз?

- Жакында Чоң-Алай эли менен жолугушуп келдик. Жергиликтүү калк биздин программага ишенимин артышып, колдой турганын билдиришти. Кыргызстан жаңы барактан башталып жатат, ушул жылдын январь айындагы президенттик шайлоо таза өткөнүнө баарыбыз күбө болдук. Эми парламенттик шайлоо да таза өтөт, анткени ал үчүн бүт шарттар түзүлдү. Шайлоочуларды мамлекет тагдырына кайдыгер болбой, шайлоого келип, туура тандоо жасоого чакырам. Биздин “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы, анын ичинде мен кыргыз элине кызмат кылууга даярбыз! Жаңы көз караш менен жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз. Буйруса, берген убадаларыбызды аткарабыз!

 

***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн