Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Элде нааразылык көбөйө баштады, сизди аңга түрткөндөр көбөйдү. Сыймык Жапыкеев президентке кайрылуу жасады

18.12.2021 07:39
2931
Элде нааразылык көбөйө баштады, сизди аңга түрткөндөр көбөйдү. Сыймык Жапыкеев президентке кайрылуу жасады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы, "Чоң казат" партиясынын мурдагы мүчөсү Сыймык Жапыкеев президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, президент кадр саясатында ката кетирүүдө.


"Садыр Нуркожоевич, футболду катуу профессионалдай эле ойнойт экенсиз кечке кайталап көрдүм. Сизди да футболдун 100 жылдыгы менен куттуктаймын. Кыргыз футболун чынында өркүндөтүү сиздин түздөн-түз милдетиңиз, биздин да милдет. Футбол ойногонго президент укуктуу. 100 жылдык маареке бул майрам.

"Футбол король спорта, легкая атлетика основа"  Кыргыз футболун өнүгүүсүнө чоң салымды "Дордой" клубунун президенти А.Салымбеков агабызгада чынында рахмат, футболго өтө чоң ачылыштарды жасады. Сыйлыкка татыктуу, ошондой эле Абдыш-Ата клубу. 


Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизге кайрылуу,  сиз ажосуз, президентсиз сизди аңга түртөм дегендер көбөйдү. Алар оппозиция эмес, алар сиздин жаныңызда жүргөн эле  «красавчиктер», сизге таза эместер өтө көп жабышып, туура эмес кеңеш берип жатышат. Элде нааразычылык көбөйө баштады. Мени тилдегендер толтура сен эле кылдың деп. Мен сизге иниңиз катары кайрылып жатам. Бизде көп жер кыйрап жатат, сизге чоң күчтөр иштетпегендей сыр болуп жаткандай, кандай болсо да сиз президентсиз элиңизге таяныңыз жана элиңиз менен бир болуңуз.  Кеңешчилериңизди алмаштырыңыз, Сүйүнбек Касмамбетовдор эмне болуп эле сиздин жаныңызда жүрүш керек? Ал "Биримдиктин" куйругу эмес беле?  "Биримдиктен" депутаттыкка койгон.

Биз сиз түрмөдө жатканда чыркырап жүргөндө ушулар кайда эле?

Садыр ава мен сизге душман эмесмин. Жакшы эле болсун деп жатам. Кадр саясаты өтө чатак болуп калды. Таза иштерман адамдарды коюңуз.  Өлкөбүздө кыйын адистер чыгып баштады. Бул чатак. 

Бирда инвестор келген жок, болгон инвесторлор Өзбекстанга кетип башташты. 

Финполицияны бекер жойдуңар, товардын баасын финполиция түздөн-түз  көзөмөл кылышчу. 

Ишиңизге ийгиликтер болсун, эл менен болуңуз", - деп кайрылуу калтырган Жапыкеев.

.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн