Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Элден чогулган акчаны бөлүштүрө турган комиссиянын курамына кимдер кирди - тизме

31.03.2020 14:44
979
Элден чогулган акчаны бөлүштүрө турган комиссиянын курамына кимдер кирди - тизме


Коронавируска каршы күрөшкө келип түшкөн акча жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин  вице-спикери Аида Касымалиева фейсбук баракчасына жазып чыкты.  


Ага ылайык, комиссиянын төрагасы болуп, Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев дайындалган.  Ал эми Аида Касымалиева мүчө катары кирген.  


Депутат айымдын билдирүүсүн өзгөртүүсуз беребиз: 


"Урматтуу мекендештер, өкмөттүн буйругу менен коронавируска каршы күрөшкө келип түшкөн акча жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча Комиссияга мүчө болдум. Күн сайын так маалымат берип турам. Биринчи отурум кечээ 30-мартта болду. Бүгүн саат 16.00 экинчи отурум.


Курамы:


Комиссиянын төрагасы - Кылжыев Самат, Өкмөттүн аппарат жетекчиси


Комиссиянын төрагасынын орун басары - Аскаров Замирбек, Өзгөчө кырдаалдар министри


Комиссиянын төрагасынын орун басары - Кочкоров Улукбек Улукбек Кочкоров (Ulukbek Kochkorov), Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.


Комиссиянын мүчөлөрү:


Касымалиева Аида - ЖК, вице-спикер


Нышанов Сайдулла - ЖК, депутат


Бактыбек Турусбеков - ЖК, депутат


Маматканов Улан - Өкмөт, бөлүм башчы


Абдыбалы тегин Суеркул - Каржы министринин орун басары


Исаев Амангелди - Айыл чарба министринин орун басары


Усубалиев Максат - Президенттин аппараты, бөлүм башчынын орун басары


Атакулов Мирлан Саламаттыкты сактоо министрлиги


Назгуль Турдубекова - "Лига защитников прав ребёнка"


Суйуналиева Бурулсун -"Фонд развития социальных услуг".


Эң башкысы ачыктык, мониторинг жана адилеттүүлүк! Бүгүн жыйындан кийин да маалымат жазып коем.", -деп билдирүү калтырган эл өкүлү.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн