Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:44
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Элди ойлогон эч ким жок!

12.10.2020 11:41
802
Элди ойлогон эч ким жок!


2020-жыл өтө оор жыл болду. Кыргызстан үчүн эки эсе оор болгонун көрүп турабыз. Март айында коронавирус пандемиясы өлкөбүздө алгач катталып, июль айында өтө чоң жоготууларды алып келди. Байлыкка да, бийликке да, атак-даңкка да карабай турганын көрсөттү. Күнүнө 40-50 мекендешибиз ушул аты жаман оорудан каза болуп жатты. Ошондо жарыкчылык дүйнө убактылуу экенин, кыска өмүрдө адамча жашоо, адамча мамиле күтүү маанилүү экенин сезгендей болдук эле. Бирок, андай сезим жан дүйнөбүздү толук ээлебептир.

Кыргызстан үчүн, кыргызстандыктар үчүн экинчи катуу сокку – бул 5-октябрдын кечиндеги окуя болду. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен уюштурулган митингдин аягы Ак үйдү басып алуу, анын ичин талкалоо, өрттөө менен коштолду. Ошону менен Ак үй эгемен тарыхыбызда үчүнчү ирет өрттөлдү. Дүйнө мамлекеттеринин алдында үчүнчү ирет башыбызды шылкыйттык.


Сыйрылган «жүздөр» 


5-октябрдын түнүндө президент Сооронбай Жээнбеков Ак үйдү таштап чыгып кетери жана ал жерде талоончулук болору күтүлбөгөн окуя эле. Митингдин талабы – шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу, мамлекет башчысын бийликтен кулатуу талабы жок болгон. Ошентип Ак үй алынаары менен мурдагы революцияларда болуп келген көрүнүштөр кайталанды. Борбордогу үлкөн кызматтардан тарта аймактардагы жергиликтүү бийликтердин кызмат орундары баскынчылыкка кабылды. Башкы прокурорлук кызматка кыска убакыт аралыгында эки «кадр» отуруп түштү - Алманбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеев. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгондордун бири Курсан Асанов дароо эле Ички иштер министринин кызмат ордун ээлеп алды. Ушул эле партиянын талапкери Өмүрбек Суваналиев УКМКнын төрагалыгын басып отурду. Бишкек шаарынын мэрлиги да үч жолу алмашты. Ош шаарынын мэрлиги да алмашып барып токтоду. Райондордо да өзүн-өзү дайындагандар өтө көп кездешти. КТРКнын гендиректорунун креслосу да кату уталашка түштү.


Булар минтип кресло басып алуу аракетин көрүп жатканда премьер-министрлик кызматты көздөгөндөр борбордук аянтта чабышып жатты. «Жаштар келсин, эскилерден тажадык» деп жатышкан Жанар Акаев, Тилек Токтогазиев, Элвира Суравалдиева сыяктуу талапкерлер баягы эле эски жүздөр – А. Атамбаев, Ө. Бабанов, Т. Сариев, Н. Арипов, А. Мадумаров дегендер менен бирикти. 6-7-8-октябрь күндөрү өлкөбүздүн саясий аренасында бийлик талашкандардын чыныгы жүзүн ачып берди. Бири-бирин коррупционер, ууру деп атап келгендер достошуп кетишти. Өзгөчө Ж. Акаев, Т. Токтогазиев сыяктуу жаштарды түшүнүү кыйын болду. Алар адегенде А. Мадумаров төрага болгон координациялык кеңешке кире калышты. Бул кеңешке киргендерди карап отуруп да эл түңүлдү. Бири-бирине позициялары да, карманган принциптери да карама-каршы келгендер болду. Андан кийин ошол эле жаштар абактан тополоңдун арты менен чыга калган А. Атамбаевдин жанында болушту. Атамбаевдин убагында кылмыш иши козголгон Ө. Бабанов да «мен элим кыйналып турганда сыртта карап турбайм деп айткам» деп аларга кошулду. Бирок, ошентип айтканын эч ким уккан эмес эле. Ал болгону «Мен саясаттан биротоло кеттим» деп айткан.


Мамлекеттик кызматта катардагы кызматкер катары да бир күндүк тажрыйбасы жок Тилек Токтогазиев премьер-министр болгусу келди. Андан кийин «Бабанов менен сүйлөштүк, ал премьер-министр, мен биринчи-вице-премьер боло турган болдум» деп чыкты. Ошондой кызматка баруунун мыйзамдуу жолу кандай болорун да бул жаш жигит түшүнгөн жок.


Айтор, президенттин Ак үйдү бошотуп берип коюп, унчукпай жатып алган үч күнү деле тактика болуп калды. 7-8-октябрларда уюштурулган митингдерде саясатчылар өздөрүнүн жүзүн өздөрү сыйрыды. Максаттары – бийликке гана жетүү экенин көрсөтүштү. Элдин ынтымагы, мамлекеттин бүтүндүгү алар үчүн керек эмес экен. Ошол күндөрү деле алар Ак үйдү кайра басып алгылары келди, бирок ал жакта басып ала турган эч нерсе жок эле.


… Октябрь тополоңу Ак үйдү басып алуу менен эле бийликке ээ болуу деген калыптанып калган түшүнүктү жокко чыгарды.


Босогодо кыш, алкымдап турган пандемия


Коронавирус пандемиясы ансыз да ал-кубаты ченелүү өлкө экономикасын бир топ алсыраткан убак эле. Октябрь тополоңу ага кошул-ташыл болду. Акыркы 7-8 күндөн бери карай мамлекеттик органдар кадимки иштиктүү абалына келе албай турат. Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка бекитти. Бирок, дагы деле саясий оюндар токтой элек. С. Жапаровдун дайындалышынын легитимдүүлүгүнөн шектенгендер чыгууда.


Биз баарыбыз бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Босогодо кыш турат. Ага мамлекеттик деңгээлде отун-суу камдалышы керек. Экинчиден, коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну да байкалып калды. Бул ооруну жуктуруп алгандардын саны улам көбөйүүдө. Акыркы суткаларда каза болгондор да бар. 5-октябрдан тарта бир нече күнгө созулган башаламандыктарда санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталган жок. Демек, вирус жуктуруп алгандар арбын болду десек болот. Бул вирус адамдын организминде 14 күндөн 28 күнгө чейин тынч жатып, андан кийин козголушу мүмкүн экенин эске алганда, жакынкы күндөрү оору жуктургандардын саны кескин өсүшү мүмкүн. Мындай болуп кете турган кесепеттердин алдын алуу үчүн мамлекеттик органдардын иши туруктуу жанданышы керек. Эсибизге келип, бийлик талашкандардын колундагы курал болуудан качып, стабилдүүлүк, тынчтык жана мамлекеттик бүтүндүк үчүн бекем бололу.


 Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн