Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Элди салып берип чет өлкөгө качып кетмей жок

23.07.2020 09:06
1078
Элди салып берип чет өлкөгө качып кетмей жок


Эми мындай, кара тумоонун экинчи толкуну октябрь, ноябрда да болот деп жатасыңар...


Болгонун болгондой ачык айткыла аргументтер менен, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун документтерин элдин алдына жайып койгула. Оорунун белгилери кандай болот экен? Учурда оорубаган бир да киши калган жок. Ушундайбы же мындан башкачабы? Биринчи толкундагыдай болуп, тез жардамы келбей, "ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт" болуп байкуш элди кууратпагыла, сыздатпагыла.


Кыргыздын каймактары, кыйындары кетти, биз билбей калгандары канча... Эми булар тигил жакта жөн жатпайт. Убалдары уктатпай, көзүңөргө көрүнүп баштайт, түшүнөргө кирет. Элден эч нерсени жашырмай жок. Элди салып берип чет өлкөгө качып кетмей жок. Баса шаардын абасынан анализ алып, асманда учкан самолетторго көз салгандар барбы?


Элмира Тезекбаева, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн