Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Элди таза суу менен камсыз кылуу жаатында Ош шаары менен Маниса шаары тажрыйба алмашат

18.08.2022 14:08
732
Элди таза суу менен камсыз кылуу жаатында Ош шаары менен Маниса шаары тажрыйба алмашат



Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун чакыруусу менен боордош Түркия Республикасынын Маниса шаарынын делегациясы Ош шаарына таза суу менен камсыздоо жаатында тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, делегация менен болгон жолугушууда мэр Алмаз Мамбетов Ош шаары боордош шаарлар менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө ар дайым даяр экенин белгилеп, түрк тилдүү мамлекеттердин муниципалитеттери менен тарыхый тыгыз байланышы бар экенин баса белгиледи.


Делегациянын өкүлү, Маниса шаарынын суу менен камсыздоо ишканасынын башкы директорунун орун басары Гөкхан Чевик делегация Оштогу суу менен камсыздоо ишканаларын кыдырып, өз сунуштарын берүүгө жетишкенин айтты. Көптөгөн перспективдүү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы да баса белгиленди.


Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Маниса шаарында Ош жана Маниса шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программага кол коюлган, анда шаар көйгөйлөрүн чечүү боюнча ар тараптуу тажрыйба алмашуу каралган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн