Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 02:10
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Элдик Курултай: Россиядан келген делегат Россиядагы элчини кызматтан алууну сунуштады

25.11.2022 14:48
393
Элдик Курултай: Россиядан келген делегат Россиядагы элчини кызматтан алууну сунуштады

Курултайда Россияда жүргөн мигранттардын атынан келген делегат Толкунбай Ахматов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты иштен алууну сунуштады.


Ал жыйында отурган президент Садыр Жапаровго кайрылып, элчиге карата дооматтарын айтты.

"Элчи эл менен эмес деп көп айтып келишти. Өзүнүн элин чет мамлекеттин коопсуздук кызматкерлерине берип жатканы кандай. Мындай элчинин иштегенге акысы жок деп ойлойм. Бир-эки маселени айтсак, укук коргоо органдарына арызданып үч-төрт адамды карматып жатат", — деди Ахматов.


Ошондой эле делегат медициналык кароодон өтүү үчүн мекендештерди Сахарово миграциялык борборуна каттатып түйшүккө салбай, Кыргызстандагы филиалын тезирээк ачууну өтүндү.


"Миңден ашык сиздердин балдарыңыз баңгизаттын айынан Россиянын абактарында отурат. Эң азы 12, көбү 25 жылга чейин эркинен ажырап жатат. Мүмкүн болсо телевизордон тынбай ушул көйгөйдү элге жеткирип туруу керек",- деп кошумчалады Ахматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн