Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды

29.12.2023 12:41
346
«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды


Бишкекте ИИМ "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ак-Босого жаңы конушунда 1987-жылы туулган М.А. аттуу жаран башкарып бараткан Mazda 6 үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү маалында "Элдик көзөмөл" бирикмесинин күбөлүгү табылган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган жарандын жашаган жеринде ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө "Афур" аттуу кызматтык-иликтөө иши менен биргеликте от жаккан мештин бурчунан жалпы салмагы 272 грамм "гашиш" табылган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү жаран КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда КР ИИМдин БМЖККК кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн