Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттардын катышуусунда өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайга Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков катышып, Укук тартиби боюнча делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда.
ИИМдин басма сөз бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-чаранын эки күнүндө 50дөн ашык кайрылуу болуп, ичинен 19-сунуш, 3-ыраазычылык келип түштү. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болду.
Ички иштер министрлигинин башчысы келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү кызматтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объективдүү, ыкчам чечимдерди кабыл алууну көрсөтүү менен тапшырууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн