Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:36
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Элдик курултай: Кеминден келген делегация туунун өзгөртүлүшүнө каршы

16.12.2023 15:25
380
Элдик курултай: Кеминден келген делегация туунун өзгөртүлүшүнө каршы


Кемин районунан келген 15 делегат өлкөнүн желегин алмаштырууга каршы экенин 16-декабрда өткөн II Элдик курултайда делегат Эрнис Садыбакасов билдирди.


Ал бул талапты курултайдын резолюциясына киргизүүнү президиумдан жана курултайдын төрагасы Мыктыбек Абдылдаевден суранды.


Курултайдын биринчи күнүндө бир катар делегаттар тууну өзгөртүү маселесин көтөрүштү: бир делегат Жогорку Кеңештен элдин пикирин эске алуу менен чечим кабыл алууну; экинчи делегат президенттен жеке пикирин жана бул маселе боюнча позициясын билдирүүнү суранды; дагы бир делегат ал желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн