Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Элдик курултай. Жайыл районунан келген делегат экологиялык милиция түзүүнү сунуштады

16.12.2023 15:50
150
Элдик курултай. Жайыл районунан келген делегат экологиялык милиция түзүүнү сунуштады


Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районунан келген делегат Кыргызстанда турак жай маселеси курч тургандыгын айтат.

“Биз эгемендүүлүк алган убакта калктын саны 4,5 млн болсо, учурда 7 миллионго жетти. Бирок ошол 2,5 млн адамдын турак жай маселеси чечилген жок. Жайыл районундагы 12 айыл өкмөтүндө 5 миңден ашуун жаран жер алууга кезекте турат. Жерлерди трансформация кылып, үй салууга уруксат бериңиз”, - деп президентке карылды ал.

Ошондой эле ал Новониколаевка айылында жайгашкан "Джунда" заводу абаны жагымсыз жыттар менен толтуруп, азыркы күндө эл сыртка чыга албай калгандыгын айтты.

“Учурда калк арасында өнөкөт оорулар, аллергия күчөдү. Ошондуктан заводго кошумча фильтр коюу зарылдыгы турат”, - дейт ал.

Ошондой эле делегат Жайыл районунда экология милициясынын түзүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн