Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Элдик курултай мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыкты

28.03.2024 09:33
244
Элдик курултай мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыкты


"Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдун талкуусуна коюлду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, делегаттар курултайды өткөрүү мезгилине гана шайланса, эми аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушталууда.


Мындан сырткары Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Азыркы мыйзамда насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Делегаттарынын укуктары жана милдеттери кеңири белгиленген.


“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн