Кезектеги III Элдик курултайда сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү багыттары жана пландары тууралуу баяндама жасады.
Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө экономикасында ИДПнын 3 жыл катары менен 9%дык өсүү темпинин сакталышы – Кыргызстандын экономикалык индустриалдык өсүштөр аркылуу жаңы багыттарды киргизүүгө мүмкүн экендигин билдирди. Бул акча-кредиттик саясат жана бюджеттик-салык саясаты экономикадагы узак мөөнөттүү стагнация коркунучунан сактап, ошол эле учурда олуттуу структуралык кадамдарды талап кылаарын, ал кадамдарга баруудагы өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
“Азыркы Балыкчы–Кочкор – Кара-Кече темир жолу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорлорунун алкагында өлкөдө жаңы экономикалык түйүндөр пайда болот. Темир жолдун айланасында күчтүү региондор калыптанат, логистикалык борборлор салынат. Бул Кыргызстанды сухопутный портко айландырат. Натыйжада: ошол түзүлгөн түйүндөрдө айлык маяналардын орточо деңгээли башкалардыкынан салыштырмалуу 20%дан жогору болот”, — деди ал.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстан Борбордук Азия регионундагы ишенимдүү гидроэнергетикалык күчтүү оюнчуга жана партнёрго айланаарын айтып, бул багытта Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана гидроэнергетикалык потенциалына токтолду.
“Биринчиден, күн, шамал, гидро энергетикалык потенциалды өнүктүрүп, мамлекеттик монополияны жоюп, инвесторлорго шарт түздүк. Экинчиден, Өзбекстан менен биригип темир жолду курууну баштаганыбыз, Казакстан жана Өзбекстан менен бирге Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга кызматташууга даяр болуп жатканыбыз Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы ынтымакка алып келген – жакшы тенденциянын башаты болуп берет”, - деди минкаб төрагасы.
Мындан тышкары, өлкөдө машина жана станок куруу өнөр жайы жандандырылаарын билдирди. Бул багытта өлкөдө 100дөн ашык ишканалар, өнөр жайы ИДПнын структурасында 16%ды түзсө, жакынкы орто аралыкта анын көлөмүн 25%га жеткирүү максатка коюлган.
Азык-түлүк менен камсыз кылуу жана айыл чарбасында чийки затка караганда кайра иштетүүгө приоритеттүү басым жасалаарын кошумчалалы. Ал эми фискалдык реформаларкыска аралыктын ичинде ишке ашырылып жатканын да айтып өттү. Курулушта болсо, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн, жаңылануунун көрсөткүчү экенине кенен токтолду.
“Өлкөнүн бакубаттыгынын жана өнүгүшүнүн негизги индикатору – негизги капиталга болгон инвестиция эсептелет. Бүгүнкү күндө 1 трлн 560 млн сомдук ички дүң продукциябыздын 50%ы же 780 млрд сомго жакыны тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармагына таандык болууда, ал эми курулуштар 7,4%ды же 219 млрд сомду түзүүдө, 2013-жылга салыштырмалуу бул сан он эсеге көбөйдү, же курулуштар ошол жылдары ИДПнын ичинде 27,4 млрд сомдун алкагында болгон. Акыркы 3 жылда бардык тармактарда жүрүп жаткан курулуштар элибизди кубандырып жаткандыгына баарыбыз күбөбүз”, - деди Адылбек Касымалиев.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Курултайдын катышуучуларына Министрлер Кабинетинин алдыдагы максаттарына токтолду.
“ИДПнын өсүү темпин орточо 9%да кармайбыз. Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга, сом менен айтканда 3 трлндун деңгээлинен ашырабыз. ИДПнын жан башына бүгүн эки жарым миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткиребиз. Консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 млрд сомдон 2030-жылы 1 трлндон ашырабыз. Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасайбыз. Чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50%га жеткиребиз. Жакырчылыктын деңгээлин 17%га чейин кыскартабыз. Кичинекей балдарыбызды бала бакчалар менен 80%га чейин камтыйбыз”, — деп билдирди.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Элдик Курултайдын үнү жана күчү чоң экенин белгилеп, ынтымак бар жерде – ырыс бар экенин, Курултайдын ишине ийгиликтерди каалап сөзүн жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги III Элдик курултайдын жыйыны өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн