Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Элдик курултайда делегаттардын ыйгарым укуктарын үч жылга узартуу сунушталды

15.12.2023 17:18
232
Элдик курултайда делегаттардын ыйгарым укуктарын үч жылга узартуу сунушталды


Элдик Курултайдын делегаты Болотбек Алибеков аларды үч жылга шайлоону сунуштады. Бул тууралуу ал катышуучулар алдында сүйлөп жатып билдирди.


Мындан тышкары Болотбек Алибеков дагы бир катар маселелерди көтөрдү. Милдеттүү аскердик кызматка жалаң кыргыз жигиттери барганына нааразы болду.


«Кыргызстанда 80ден ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт, бирок эмнегедир бир гана кыргыздар аскерге барышат. Эмне үчүн башка улуттар кызмат кылбайт?» — деп сурады делегат.


Ал ошондой эле абактарды чарбалык эсепке которууну сунуш кылды. «Эмне үчүн эл кылмышкерлерди багышы керек? Ата-энеси же туугандары камсыз кылсын», - дейт Болотбек Алибеков.


Ал президентти өз районуна чакырды. «Мен Чаткал районунан болом. Аймактын көйгөйлөрүн өз көзүңүз менен көрүү үчүн бул аймакка барып келүүнү суранам», - деди делегат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн