Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Элдик курултайдын делегаты мугалимдердин укугун мыйзам деңгээлинде коргоону сунуштады

15.12.2023 17:21
363
Элдик курултайдын делегаты мугалимдердин укугун мыйзам деңгээлинде коргоону сунуштады


Экинчи Элдик курултайдын делегаты Назира Байгазиева мугалимдердин укугун мыйзам деңгээлинде коргоону сунуштады.


«Биз балдардын укуктары жөнүндө гана сүйлөйбүз. Мугалимдердин укугун ким коргойт? Мугалимдердин укуктарын мыйзамдык деңгээлде коргоо системасын киргизүү, ошондой эле алардын ата-энелер менен балдардын алдындагы милдеттерин мыйзамдарда бекитүү зарыл», - деди ал.


Назира Байгазиева жаңы предметти – “Кыргыз наркын” киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул улутту жоготууга жол бербей, улуттук педагогикага колдоо көрсөтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн