Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Элдик курултайдын делегаты туу маселесин көтөрүп, катышуучулар уу-дуу болушту

15.12.2023 14:20
257
Элдик курултайдын делегаты туу маселесин көтөрүп, катышуучулар уу-дуу болушту


Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Делегат Асанбек Абдыкапаров туу маселесин көтөрүп, залда отургандар уу-дуу болушту.

"Туу жөнүндө 1-2 ооз сөз айтып коеюн. Туу кабыл алынган жылдан бери ар кандай талкуулар болуп келет. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш жакшылап изилдеп, туура чечим кабыл алат деген ишенимдемин", - деди делегат. 

Белгилей кетсек, өлкөнүн мамлекеттик символикаларынын бири болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн