Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда улуттук кеңештин төрагасы жана анын эки орун басары шайланды.
Улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев, орун басарлыгына Асанбек Абдыкапаров, Акылсайра Жумагазиева дайындалды.
Ошондой эле курултайга катышып жаткан делегаттардын ичинен төрт делегаттын бүгүн туулган күнү болгондуктан аларга белек тапшырылды.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат катышып жатат.
Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн