Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Элдик люстрация башталды: Электен кимдер өтпөйт?

07.05.2020 13:33
1444
Элдик люстрация башталды: Электен кимдер өтпөйт?


COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы чейрек кылымдан берки келаткан көнүмүш жашоону чукул бура турган өңдөнүп турат. Саясатта, мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп жүрүп эсепсиз байыган аксакал-көксакалдардын баарынан карапайым эл отчет ала турган учур келди окшойт.

 

Мындай кадамды Сыймык Жапыкеев аттуу экс-прокурор баштады. Албетте, анын сүйлөп жатканда алып-учуп кетмейи, оюн топтоп, анан түшүнүктүү кылып айтып бере албаганы бар экен. Ошентсе да ал туңгуч президент Аскар Акаевдин убагында премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн Кубанычбек Жумалиевдин байлыктары тууралуу талылуу маселени туура көтөрдү. Жумалиев эл көзүнө эски «Нивасы» менен той-аштарга барып кое турганын, мунусу «Мен карапайым эле жашайм» деген белгиси экенин да билгендер арбын. Ал эми Бишкек шаарында Жумалиевдин жадакалса «көрөөр көзү» Роза Аманова да билбеген батирлери бар экенин айтып, тамшангандар жок эмес. 


Кыргызстан кичинекей мамлекет. Интернетте социалдык түйүндөр пайда болгондон бери кичинекей мамлекетибиз дагы кичирейе түшкөндөй болду. Дээрлик баарыбыз бири-бирибизди тааный тургандай эле болуп калдык. Ал эми эл көзүндөгү саясатчы, ырчы, чиновниктердин жашоосу да күнүгө дүрбү менен акмааланып тургандай эле абал. Демек, бүгүнкү күндө элден алданени жаап-жашырып калуу аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. 


Коррупцияга каршы күрөш бардык президенттердин доорунда айтылып, жасалып жаткандай болду. Бүгүн да мындай күрөш жүрүп жатат. Бирок, эмнегедир эл күткөндөй натыйжа жок болууда. Кайсыл саясатчы, кайсыл депутат кантип байыганын эл жакшы билет. Бирок, кайра ошолор элге акыл үйрөтүп, бири-бирин коргоп, мыйзамсыз жол менен тапкан байлыктарын коргоп калуу гана эмес, аны дагы көбөйтүү менен алек болуп жаткандарын да көрүп турабыз. 


Мына ушундай убакта коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген карантин көпчүлүк адамдарды үйүндө жатып ойлонууга, мамлекетибиздин 29 жылдан бери очорулган абалынан көтөрүлө албай жатканынын түйүнүн чечүүгө жакшы шарт түзүп бергендей болду. К. Жумалиевдин байлыктарына байланыштуу көтөрүлүп жаткан маселе эми токтошу кыйын. Анын артынан дагы башка саясатчы, чиновник, экс-чиновниктердин аттары кезеги менен аталат. Муну эми карапайым эл өз колуна алды. 


Эми кезеги менен 1991-жылдан бери карай мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, бирок ишкерлик менен алектенбей эле байыгандардын баарынын мүлктөрү, банктардагы эсептери текшерилүүгө алынууга тийиш. Муну тиешелүү укук коргоо органдары өздөрү билип жасабаса, анда аны эл талап кылат. Жалаң айлык акы менен бир чоң там куруу да кыйын. Анда эмнеге К. Жумалиев сыяктуу чиновниктер кыска убакытта эле 20дан ашуун батирлерди, көл жээгинен коттедждерди, заңгыраган үйлөрдү сатып алып коет? Анан кантип алар «Мунун баарын ак эмгегим менен тапкам» деп айтат? 


Сөздүн кыскасы, элдик элек башталды. Ал элекке бардык саясатчылар түшүшү керек. Электин майда көзүнөн өтпөй калгандардын баарынын байлыктарын кайра мамлекетке өткөрүп алуу мүмкүнчүлүгү турат. Азыр бул демилгени жалпы эл колдойт. Эмне үчүн 100-150дөй саясатчы мамлекеттин эсебинен байып, калган 6 миллион эл алардын жыргал жашоосунун азабын тартышы керек.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн