Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Элдин байлыгын элге кайтарыш керек. Депутаттар профсоюздардын жетекчилерин жазалоону талап кылышууда

21.06.2023 15:39
656
Элдин байлыгын элге кайтарыш керек. Депутаттар профсоюздардын жетекчилерин жазалоону талап кылышууда


Депутаттык комиссия Профсоюздар федерациясынын жетекчилерин эскертүү мөөнөтүнө карабай жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Комиссиянын ишинин жыйынтыгында уюмдун бардык мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерин кайтарып алуу зарыл экендиги айтылды. «Эл байлыгы элге кайтарылышы керек», - деп кошумчалады Шайлообек Атазов.


Эл өкүлдөрү профсоюздар жөнүндө мыйзамга жана уюмдун уставына өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.


«Федерацияга кадрдык реформа жана мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөл керек», - деди Шайлообек Атазов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сапаров.уларбек
Эн туура маселе, кантип жарым миллиондон жогору айлык акы алышат деймда